"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Беш үй-бүлөгө 20дан бал челек тапшырылды

Чаткал районунда беш үй-бүлөгө 20дан, жалпысынан 100 бал челек тапшырылды. Демилге райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана жергиликтүү ишкана тарабынан колдоого алынды.

Башкармалык: «Бул долбоор менен биз жарандардын киреше табуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аарычылыкты туруктуу кесипке айлантууну көздөп жатабыз,» — деп билдирди.

Долбоордун алкагында үй-бүлөлөр аары багуу багытында кыска тренингдерден өтүп, сапаттуу жана табигый бал өндүрүү боюнча окууга катышты.