"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Беш адистиктин айлыгы жогорулайт

2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысы 100%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сомду түзсө, 1-апрелден тарта 52 миң сом болот. Жаш, жаңы келген мугалимдердин айлыгы 36 800 сомго чыгып, салык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна орто эсеп менен 31 миң сом тиет.

Ал эми тоолуу райондордогу 30 жылдык иш тажрыйбасы бар мугалимдердин маянасы азыр 65 800 сом болсо, апрель айынан тарта 97 600 сомго чейин жогорулайт.

Мындан тышкары, 1-апрелден тарта дарыгерлердин орточо айлыгы 31,5 миң сомдон 62,5 миң сомго чейин көтөрүлөт. Ошондой эле маданият кызматкерлеринин, машыктыруучулардын жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акылары да жогорулайт.