"Эркин-Тоо"

Беш окуучу кабыл алынды

Биринчи жолу кыргызстандык 5 окуучу дүйнөдөгү эң беделдүү жогорку окуу жайларына кабыл алынды. Алардын үчөө Плющ Лигасынын университеттерине өтсө, экөө Массачусетс технологиялык институтунун студенттери болушту. Тагыраагы билимдүү Айхан аттуу уулубуз Принстон университетине жана Колумбия университетине тапшырды. Ал эми Нурсултан Пенсильвания университетине толук грант менен кабыл алынды. Мекендешибиздин окууга кетчү толук чыгымын университет каржылайт. Тимур мекендешибиз Колумбия университети жана Франциядагы Sciences Po университетинин биргелешкен «2+2» программасына 70 пайыздык окуу акысын камтыган грантка өттү. Эльдар жана Искен аттуу жигиттер Массачусетс технологиялык институтуна кабыл алынып, төрт жылдык толук грант алышты. Ал каражаттар балдардын окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын толук жабат. Бул беш жигит тең «Келечектеги лидерлер мектеби» долбоорунун катышуучулары болуп саналат. Бул уникалдуу билим берүү долбоору өлкөнүн бардык аймактарындагы 8 – 10-класстардын таланттуу окуучуларына эл аралык гранттарга даярданууга көмөктөшөт.

Мээрим Бактыбек кызы