Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган беш ымыркай бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады.
Балдарды мекенине кайтаруу иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин тыгыз кызматташуусунун негизинде жүзөгө ашырылды.
Азыркы учурда ымыркайлар Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды. Тийиштүү мамлекеттик органдар аларды жакын туугандарына өткөрүп берүү маселесин карап жатышат.