"Эркин-Тоо"

Беш жоокердин үй-бүлөсүнө – 50 миң сомдон

КР Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үстүбүздөгү жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү менен жолукту.

Облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан 5 жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп, учурда Ош облусунда жашап жаткан 1 үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүп берди.

Облус башысы өз сөзүндө чек араны коргоп жатып курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын баса белгиледи.

Бактыгүл Кулатаева

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!