Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өттү. Жалпы 102 өлкөдөн 3 миңдей спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандан 148 спортчу, 11 спорттун түрү боюнча күч сынашты.