"Эркин-Тоо"

Беткаптарды колдонуу. Министрлик эскертүү берди

Учурда сасык тумоо жүрүп жаткан учур.  Андыктан КРВИ, сасык тумоо жана сасык тумоого окшош оорулардын жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керектигин Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.

Эрежелер:

-коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

-КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

-жуулбаган колду бетке тийгизбөө;

-дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу);

-КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо;

Оору жуктуруп алган учурда алгач жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылуу зарыл!

Пример HTML-страницы