"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Би-би-синин башкы директору Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн кызматтан кетти

Би-би-синин башкы директору Тим Дэйви Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн сынга кабылып, отставкага кетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Телерадиокомпаниянын расмий сайты маалымдагандай, Дэйви менен аткаруучу директор Дебора Тёрнесс Би-би-синин Panorama аттуу даректүү фильминен улам сынга алынгандан кийин кызматтан кетүү чечимин кабыл алышкан.

Маалыматка караганда, аталган программада Трамптын сөзү бурмаланып берилгендиктен, көрүүчүлөрдү адаштырды деген сынга кабылган.

Кийинчерээк Тим Дэйви өз кайрылуусунда Би-би-си жалпысынан жакшы иштеп жатканын, бирок «айрым каталарга» жол берилгенин моюндаган.

Буга чейин The Telegraph гезити Би-би-синин материалында Трамп Капитолийдеги башаламандыктарды колдогондой таасир жаратылганын жазган. Андан кийин Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт британдык телерадиокомпанияны “фейк маалымат булагы” деп атаган.

Эске салсак, 2021-жылдын 6-январында Трамптын тарапташтары 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө тоскоолдук кылуу үчүн Капитолий имаратына бастырып киришкен. Бул окуя Трампка импичмент жарыялоого негиз болгон.

2025-жылы экинчи инаугурациясынан кийин Дональд Трамп Капитолийге чабуул жасаганы үчүн соттолгон 1,5 миңге жакын адамга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын көбүнө бошотулгандан кийин да Вашингтонго барууга же мамлекеттин аймагынан чыгууга тыюу салынган. Трамп аларды Ак үйгө чакыруу ниетин билдирген.