Аталган фонд Кыргыз улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо жана колдоо боюнча иш алып барат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Мындай фонд алгачкылардан болуп түзүлүп жатат. Бул кадам кыргыздын улуттук бий искусствосу жаатында ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен биргеликте улуттук фольклорду өлкөдө жана чет жактарда чагылдыруунун заманбап формаларын иштеп чыгууну көздөйт», — деп белгиледи фонддун ачылыш салтанатында.