"Эркин-Тоо"

БИЙЛИК КУМАРЫ

Журт башкаруу, мекен жүгүн көтөрүү парзын аткарууга аттангандардын баскан жолдору татаал. Карт тарых барактарында катылган сырлар, кырдаалдар кимди гана болбосун кайдыгер калтырбайт. Айтканы айткандай аткарылган бийлик сересинини ээлери элди каалагандай калчоого укугу бар. Башкалардан артыкчылыгы ушунда. Падыша кудаа эмес, бирок Кудайдан жуда эмес. Кандай таасын айтылган. Касты кастай, досту достой билүү озуйпасын кынтыксыз, так аткаруу гана кайсы журт башчылардын энчисине айланган?! Таң! Тегерегиндеги тектүүлөр солк этпес тирек болуп бере алыштыбы? Саткынчылык, чыккынчылык, кашоматчылык чырмалышып хан сарайларда сайрандап турганда кандай даанышман тагында калыс бийлик кылат?! Кыскасы, бийлик тагына келүү жаатындагы жараттарды айтып олтурсак аягына чыга албайбыз. Тээ атам замандан “мансап колдун кири” деп бекеринен айтылбаган. Ырас эле бектер кетип эл, бетеге кетип бел калды. Кылычынан кан тамган нечен Чыңгыс хандай өкүмдарлар өтүштү.

Бул окуя кечээ эле, жүздөгөн жылдар мурда өткөн. Таластан чыккан Чыныке бий ооруп, төшөккө жатып калат. Өмүрүн сактоо максатында жандык союшуп, курмандыкка чалышып, садага чабышмай болушат. Бийди тургузушуп, ортого олтургузушат. Ар дайым жанынан чыкпаган, далай сыноолордон өткөн өзү да өктөм, сөзү да өктөм жигити жандыктын өпкөсүн сууруп алып, минтип сайрап денесине чаап жатат дейт:

«Түлөкабылды түгөл ал,
Байсейиттин баарын ал.
Бекболоттон бешөөнү ал,
Тагайматтан тандап ал.
Тандап алсаң Тарпанды ал,
Чыныкемде эмнең бар?!»

Жигитинин айткандарын угуп, оору Чыныке бий күлүп жиберген экен.

Сөзгө чечен мырзасы курмандык жандыкты эле бийине садага чаппастан, бийине аты аталган урууларды садага чаап жатпайбы. Таңгөрү, мынчалык да кошоматчылык болобу?

Түлөкабылды түгөл ал дегени Түлөгабыл уруусу менен Чыныке бийдин ыркы келишпесе керек. Ошондой эле Байсейиттин баарын ал дегени, бийдин Байсейиттерден да көңүлү калган окшобойбу. Бекболоттон бешөөнү ал дегени, Бекболот уруусунан беш адам гана баш бербей, көкөйүнө көк суудай тийген белем. Ал беш адам да оңой ойрондор эмес чыгар. Тагайматтан тандап ал, тандап алсаң Тарпанды ал дегени – бийдин Тагаймат уруулары менен ынтымагы бекем болгон. Тагаймат уруусунан чыккан, тиги Тарпан дегени ким болду экен? Жалгыз Тарпан бийдин тынчын алгандай эмне, тең ата баатырбы?! Көрсө, баатыр эмес эле бакыры турбайбы. Тарпан байкуш койчу экен.

Чиркин, бийликке кимдер гана суктанбаган. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести боюнча тартылган кинодогу терс каарман токойчу Орозкулду билбегендер сейрек чыгар. Ал шордуу да чоңдукту эңсеген. “Можина” деп эшигимди сагалап, кезек күтүп саргайгандарды манчыркап кабыл алчу жетекчилик күнгө жетпедим” деп өксүгөн эмеспи.

Союз солк этпей турчу мезгилде Улуу Ленин атабызды абдан даңктап келдик. Жараткан Кудайга таазим кылбай эле Ленинге таазим кылып калганбыз. Майрамдарда демонстрация, парадддарда ураалап Лениндин портреттерин көкөлөтүп баш кылып көтөрүп чыгар элек. Лениндин ысымы коюлбаган жер-суу, көчөлөр, шаар, райондор жокко эсе. Эстеликтери ар бир шаар, кыштактардын, мекеме-ишканалардын алдында тургузулуп, кайсы гана мекемелерге башпакпа жаркырап портреттери төр талашып тагылып туруучу.

Кыскасы, нечен жылдан бери жол башчылардын портреттерин мекеме-ишканалардын төрүнө тагуу салтка айланып, жетекчилерди сыйлоо, урматтоо катары саналган. Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жылдан ашып баратат. Учурунда Президенттерибиз Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин портреттерин төрлөрүбүзгө кадап, журт башчылардан жакшылыктарды күттүк, үмүттөндүк. Тилекке каршы, журт башчыларыбыз бизге тирек боло алышпады. Аргасыздан нараазычылык ташкындап, элдик кыймыл тутанды, портреттери тытылды, тепсендиге айланды.

Демек, Президентибиз Садыр Жапаровдун менин портретимди төрүңөргө такпагыла дегенинде терең маани бар белем. Мекен үчүн каруусун казык кылган кыраандардын гана элестери жүрөктөрдө кадалып турары чындык.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 25-апрели