"Эркин-Тоо"

БИЙЛИК МЕНЕН ЭЛДИН ДИАЛОГУ МҮМКҮН ЭКЕНИ АЙГИНЕЛЕНДИ

Өткөн жуманын соңу бүйүр кызыткан кептер менен коштолгон Курултай менен жыйынтыкталды. Мамлекеттик маанидеги чоң иш-чара түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, ушул күндөрү ар ким алына жараша чечмелеп жаткан чагы. Биз айрым эл көзүндөгү инсандардын Курултайдын жыйынтыгы боюнча пикирлерине орун бердик.

КР аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек ШАДЫБЕКОВ: “Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөргө адилеттүү баа берилсе…”

— Курултай жөнүндө Баш мыйзамда жазылган. Анын ишке ашырылышы жакшы жөрөлгө. Бул жолку курултай мурдагылардай болбой, кескин түрдө айырмаланып кенен, коомчулуктун катышуусунда болду. Делегаттардын ачык кеби айтылды. Өлкөдөгү экономикалык, кадрдык саясат, илим-билим, курулуш, айыл чарбасы, маалымат жагындагы баш аламандыктар, чек ара жаатындагы көйгөйлөр бийликке жеткизилди. Айрым маселелер жаатын канткенде өнүктүрүү боюнча ачык айрым пикирлер ортого салынып, айтылды. Эми курултайда көтөрүлгөн сунуштарга адилеттүү баа берилип, ишке ашыруу жагын бийлик колго алса максатына жетет деген ойдомун. Муну менен алдыга жылуу болмок демекчимин.

 

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир ИМАНАЛИЕВ: “Курултай жаңы институт катары иштеп кетет”

— Биринчиден, курултай мамлекеттик башкаруу системасындагы жаңы институт. Бул институт карапайым элдин үнүн жогорку мамлекеттик башкаруу органдарына түз жеткизүүчү көпүрө болуп кала тургандыгы менен айырмаланат. Өзүңөр көргөндөй эл арасында ар тараптуу көйгөйлүү болгон маселелер чоң трибунадан түз айтылды. Эми ушул көйгөйлөргө карата туура чечим кабыл алынса, анан да ар бир суроого адилеттүү мамиле кылынса, анда бул орган иштеп кетет. Менин кыскача жеке пикирим ушундай.

 

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: “Курултайды жакшы уюшкандыкта өткөргөн уюштуруучуларга таазим”

— Терең анализдер али алдыда. Бирок, бийлик менен элдин ушундай формадагы диалогу мүмкүн экени айгинеленди. Бийликтин да айтчу, элдин алдында тартуулоочу ийгиликтери бар экени аныкталды. Эл ал жакшы жышаандарды кабыл алып, баалаганы менен бийликке дагы деле көп тапшырмалары жана үмүттөрү бар экени билинди. “Пахтакорлордун, дүжүрлөрдүн” курултайы болот деп акылдуусунуп жүргөн демагогдор өзүлөрү 2 күн кечке социалдык тармакта “тигил укмуш сүйлөдү, бул министрге катуу айтылды, ушул көйгөй туура көтөрүлдү” деп кече эле болочок курултайды жээрип турганын унутуп калышканын да көрдүк. Жабык тема болгон жок: Кемпир-Абад, сөз эркиндиги, коррупция, кадр саясаты, Кумтөр. Бул курултай да тарых болуп калды. Эми айтылган сунуш-пикирлерден тыянак чыгып, аларды көзөмөлдөө боюнча иш-чара бекитилип, алдыга жыла бергенибиз оң. Эркин элбиз. “Түркмөнстан” болбойбуз, боло да албайбыз. Эркиндик менен жоопкерчилик эришаркак жүрсүн деп тилейли. Курултайды жакшы уюшкандыкта өткөзгөн уюштуруу комитетине таазим!

№105 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-ноябры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!