"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

БИЙЛИК ТАРАБЫНАН ШАЙЛОО АДИЛЕТ ЖАНА КАЛЫС ӨТКӨРҮЛДҮ

30-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо эч кандай башаламандыгы жок тынч, мыйзам алкагында өттү. Калк арасында эч бир нааразычылык болгон жок. Анткени, бийлик тарабынан шайлоо калыс, таза, адилет өткөрүлдү. Буга чейин боло келгендей бурмалоолор, же сүрөмөйлөр таптакыр жок болду. Мисалы, Акаев “Алга Кыргызстанды”, Бакиев “Ак Жолду”, Атамбаев СДПКны, Жээнбеков “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстанды” сүрөгөндөй жоруктар кайталанган жок. Баарына бирдей шарт түзүлдү.

Ооба, шартты түзүп берет деген ушунчалык эле болсо керек. “Бул биздин киши” дегендей ишарат кылбай, бир дагы талапкерге тартпай, тандоону элдин өзүнө койду. Мунун өзү чоң эрдик. Буга саясий эрк керек. Президент Садыр Жапаров башында турган бийлик аны жасады, терең ыраазычылык билдирип коюшубуз зарыл. Таза шайлоо өткөрөбүз деген убадасын аткарышты. Албетте, шайлоодо катышкандын баары жеңишти камсыздап, тегиз мандатка жетпейт. Калктын колдоосуна арзып уткандар жана утулгандар болот. Уткандар кубанышса, утулгандар ыза болушат. Айрымдары жеңилгенин мойнуна албай ызаланып, өйдө-ылдый сүйлөшү мүмкүн. Алына ченебей катышып алып, анан кеткен чыгымга ичи күйгөндөр да сөзсүз болот, бул эми нормалдуу эле көрүнүш. Андайларга түшүнүп коюшубуз шарт.

Калк арасында айрым талапкерлер «жең ичинен» шайлоочулардын добушун сатып алганы боюнча дагы сөздөр болуп жатат, муну эми ар бир жаранга байланыштуу маселе десек жаңылышпайбыз. Президент шайлоо дайындалган күндөн тарта какшап айтып, дагы улам кайталап жатты.

“Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бердик. Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр” деген Садыр Жапаров.

Айтор, бийлик бул маселеде колунан келишинче аракет кылып, кайрылууларды жасап, атургай айрымдарын үгүт жүрүп жаткан маалда кармады. Атап айтсак, эки талапкер Лира Акунова менен Гүлназ Халилова добуш сатып алууга шектелип, кылмыш иши козголду. Анан Борбордук шайлоо комиссиясы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Кыскасы, бийлик ар биринин артынан сая түшүп, кармаганынын жазасын бергенге болгон күчүн жумшады, колунан келгенин кылды. Тилекке каршы, добуш сатуу деген 30 жылда аң-сезимге кыттай уюган экен, биротоло талкалап түшө алган жок. Ачыгын айтып коюш керек, шүмшүңдөп жүргөндөр дагы деле тымызын ишин жасады окшойт, анын натыйжасында бир топ аймакта акчалуулар өтүп кеткенин айтышууда. Коомдун деңгээли дагы деле 2-3 миң сомдун тегерегинен көтөрүлө элек экен. Бул жагы өтө өкүнүчтүү болду.

Албетте, кандай болгон күндө дагы элдин тандоосуна макул болбой коюуга мүмкүн эмес. Бирок, бир нерсени эстен чыгарбайлы, эртең өзүбүз шайлаган депутат элдин көйгөйүн чечпей же мамлекеттин тагдырына байланышкан маселелерде башын кумга тыгып отуруп берсе, күнөөнү өзүбүздөн гана издешибиз керек. Анткени, бийлик татыктуу талапкерди тандоого толук шартты түзүп, таза, калыс шайлоону камсыздап берди. Мындай адилет шайлоону буга чейинки бир дагы бийлик өткөрө алган эмес. Чындап эле аналогиясы жок система, жаңы модель менен өткөрүлдү. Шайлоочу каалаган жеринде туруп, өзү катталган округдагы талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Шайлоонун өзүнө келсек, шайлоочулардын катышуусу 1 млн 584 миңден ашык адамды түзүп, болжол менен 37%га жетти. Региондор боюнча айтсак, Чүй облусунда жалпы 34,5%, Талас облусунда 37%, Ош облусунда 36,5%, Нарын облусунда 37%, Жалал-Абад облусунда 34,8%, Баткен облусунда 36%, Ысык-Көл облусунда 33,2% добуш берди. Ал эми чет өлкөлөрдө 25,5 миңге жакын кыргызстандык добуш берди. Ички иштер министрлиги шайлоо тынч өткөнүн, одоно мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.

Эл аралык байкоочулар дагы шайлоо ачык-айкын өткөнүн белгилешүүдө. КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы, КМШнын башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ачык, атаандаштык шартында жана улуттук мыйзамдарга ылайык өткөнүн билдирди. Ошондой эле ТүркПАнын байкоочу миссиясынын делегациясынын жетекчиси, Казакстан Мажилисинин депутаты Абзал Куспан Кыргызстандагы шайлоо ачык-айкын жана жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындан үлгү алууга болорун билдирди.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов:

— Канча эскерткенге карабай, дагы деле добуш сатып алуу учурлары катталып, кылмыш иштери козголгону айтылды. Мындан ары алдыда шайлоо мыйзамдарын бузгандарга көрүлчү чараларды дагы катаалдаштырыш керек деп эсептейм. Эми башка шайлоолорго чейин ойго келбей тургандай кылып, мыйзамдарды өзгөртүш керек. Айып пул, эскертүү менен эмес, жазаны күчөтүү зарыл.

Коомдук ишмер Артур Медетбеков:

— Бул жолку шайлоону таза өткөрүүгө бардык ыкмалар колдонулду. Бирок тилекке каршы, үйрөнгөн адат калабы дегендей, добуш сатып алууга умтулгандар, дагы башка ыкмаларды колдонуп жаткан талапкерлер кездешүүдө. Негизинен мурдагы шайлоого караганда бул шайлоодо унаа менен элди ташыбай, урнага бюллетендер ташталбай, жогорку деңгээлде, тазараак өттү десек болот. Канткен менен мамлекетибизде таза шайлоо өткөргөнгө умтулуу бар.

Кылычбек Кудайбергенов