Дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына кирген, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жаштарга кайрылып жатып жашоодо керек болчу 11 кеңеш айткан.
Жашоо өзү адилетсиз – бул фактыны эртерээк кабыл алуу керек.
Сенин сезимдериң, өзүңдү урматтаганың менен дүйнөнүн кыпындай иши жок. Сенин жеке кадырыңды кабыл алаардан мурда, дүйнө сенден кандайдыр бир жетишкендикти талап кылат.
Окууну бүтөөрүң менен сени долларлап акы төлөгөн жумуш күтүп турбайт. Чоң бир компаниянын бир бөлүмүнө жетекчи боло калбайсың. Мунун баарысына сен өзүң жетишиң керек.
Сенин мугалимиң катаал, талапты катуу коет деп ойлосоң, жетекчиң менен таанышып көр. Жетекчиден кийин мугалим майдай жумшак болуп калат. Себеби, мугалимден айырмаланып жетекчинин карьерасы сенин жумушту кандай аткарышыңан көз каранды.
Базарда токоч жасап сатуу – сенин кадырыңдан төмөн эмес. Ата-бабаларың ушул сыяктуу башка жумуштарды дагы “мыкты мүмкүнчүлүк” деп аташмак.
Эгер ишиң оңунан чыкпай калса, ата-энеңди күнөөлөгөнгө шашпа. Ар бир ийгиликсиз ишке ыйлактай бербестен алардан сабак ал.
Сен төрөлгөнгө чейин ата-энең азыркыдай карыган, көп нерсеге жөндөмсүз болушкан эмес. Алар сенин келечегиң, жашооң үчүн кара терге түшүп, чачын ак аралаган. Ошондуктан, акыл айтып кыйынсынаардан мурун, өз бөлмөңдү, өз кийимиңди тартиптегенге аракет кыл.
Мектепте сынакты канча жолу жазсаң дагы ала берет, жашоо болсо антпейт. Мектепти окуганы деле окубаганы деле бүтүрүп, максатына жетет. Мунун баарысынын чыныгы жашоого эч кандай тиешеси жок.
Жашоо – чейректерже же семестр дегендерге бөлүнгөн эмес, жана жайкы, кышкы эс алууларга дагы жөнөтпөйт. Жеке жашооңду өзүң, жеке убакта курушуң керек.
Реалдуу жашоону сыналгыдагы жашоо менен чаташтырба. Жашоодо адамдар көп убактысын кофе ичип эмес жумуш ордуларында өткөрүшөт.
“Көз айнекчен ботаниктер” менен жакшы мамиледе бол. Кийин алар сенин жетекчиң болуп калышы мүмкүн.