"Эркин-Тоо"
Иш-жума

БИЛИМ – БАРДЫК ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ

“Бүгүн окууда, илимде жана чыгармачылыкта өзүн мыкты көрсөтө алган студенттерге «Президенттик стипендия» сертификатын ыйгаруу иш-чарасында өз келечегин терең билимден, талбай окуудан көрө алган жаштар менен жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын» деп белгиледи Президент Садыр Жапаров 16-декабрда өлкөбүздөгү ЖОЖдордун мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысы биринчи кезекте билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууга басым жасоо зарылдыгына токтолуп, «өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу – ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз деп белгиледи Садыр Жапаров. Ал, келечек – жаштардын колунда экендигин айтып, чыныгы жетишкендиктер илимдин көрүнүктүү ишмерлеринин, инженерлердин, дарыгерлердин жана башка кесип ээлеринин жаратман эмгектери менен жаралаарына, сапаттуу билим өлкөнүн келечегинин маанилүү бөлүгү экендигине токтолду. Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент Президенттик стипендияга ээ болушту.