"Эркин-Тоо"

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары алмашты

Мухтарбек Баймурзаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.

Буга чейин биринчи орун басарлык кызматты Супаналиев Бекжан Төрөбаевич аркалап келген жана башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган.

Белгилей кетсек, Мухтарбек Баймурзаев билим берүү министрлигине кызматка келгенге чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп иштеген.