Биздин өлкө 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык мектептик билим берүүнүн алгачкы этаптарын басып өтөт. Ага даярдыктар көрүлүүдө. Тагыраагы өлкөбүздүн билим берүү системасы толугу менен жаңыртылууда. Ал окутуунун сапатын жакшыртып, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетет дейт агартуучулар. Бардык иштер дыкат даярдыкта ишке ашат. Бул багыттагы суроолорго Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жооп берди.
— Надира Сынташевна, сентябрдан тартып өлкөдөгү мектептер 12 жылдык билим берүүгө өткөнү турат. Жаңы системада кандай артыкчылыктар камтылды?
— Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен Кыргызстанда он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекиткен. Бул документтин алкагында министрликте жумушчу топ түзүлүп, жаңы билим берүү системасын түзүп, жалпы даярдык башталган. 12 жылдык окууга өтүү жөнүндө концепция эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизделип, эксперттер, коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат. Коомчулукта айтылган балдар 19 жашында 12-классты бүтөт деген маалымат таптакыр туура эмес. Жаңы системада мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы эч кандай өзгөрбөйт. 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. Болгону мурдагы О-класс биринчи класс болот, мектепке балдар 6 жаштан тартып бара баштайт. 12 жылдык окууга өтүү – бизге абдан ийкемдүү, инновациялык билим берүү системасын камтыган стратегиялык маанилүү кадам.
— Бул маселе боюнча жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда да жыйын болду. Жыйында кандай маселелер айтылды?
— Мамлекет башчысы Садыр Жапаров билим берүү системасын трансформациялоо ишин этапка бөлүү менен ишке ашырууну белгиледи. Жыйында кеңири талкуу болду. Бир нече багыттар боюнча сунуштар айтылды. Соңунда Президент билим берүүнү трансформациялоо, сапаттуу билим берүүнү өзгөчө белгиледи. Эң негизгиси, жаңы моделди киргизүүдөгү тобокелчиликтерге кылдат мамиле кылуу, коомчулукка маалымат жеткирүүнү тереңдетүү, көйгөйлөрдү жоюу менен ишти улантууну тапшырды.
— Ишке ашыруунун этаптары тууралуу айтсаңыз, быйылкы окуу жылда эмнелерге старт берилет?
— Даярдоо этабы – 2021-жылдан 2025-жылга чейин болду. Бул мезгилде билим берүү стандарттары, программалар жаңыланды, мугалимдер окуудан өтүшүүдө. Старттык этап – 2025-2026-окуу жылы. Быйыл сентябрда 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классына кабыл алынат. Билим берүүнү трансформациялоо менен мектеп гана өзгөрбөстөн, мектепке чейинки билим берүү да өзгөрөт. Мисалы, балдар 2-2,5 жаштан 5 жашка чейин бала бакчада билим алышат, 6 жаштан 17 жашка чейин мектептик билим берүүдө болот. Ал эми 18 жаштан ары жогорку билим алууга багыт алышат.
— Ал эми айрым себептер менен кээ бир балдар бала бакчага барбай калышат. Бул балдар деле мектепке кабыл алына береби?
— 1-класска кирүүдө эч кандай талап, сынак тапшыруу болбойт. Баланын жаш курагы туура келсе эле 1-класска кабыл алынат. Бакчага барганы, барбаганы деле окуйт. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү адистер менен чогуу бала бакчага барбаган балдарга күндүзгү кыска мөөнөттүү даярдыктарды көрүү тапшырылган. Бул окуулар жайкы эс алуу мезгилинде да улантылат. Ар кандай себептер менен бала бакчага барбай калган балдар кыска мөөнөттүү окуулардан өтүшүп, мектепке кабыл алынат.
— Айрым ата-энелер “5-6 жаштагыларды 1-класска берүү эртелик кылат, 45 мүнөт сабак окуй алабы, 7 жаштан берсек туура” — деген ойлорун айткандар бар, сабактарда эмнелерге басым жасалат?
— Учурдан пайдаланып ата-энелерге кайрылгым келет. Коркпостон балдарга моралдык колдоо көрсөтүп, алардын социалдашуусуна жардамчы болуңуздар дейт элем. Албетте, тынчсыздануу болот. Балдар мурдагыдай 45 мүнөт сабак окуп, түптүз партада отурбайт. 1 сабак 30 мүнөттүн аралыгын түзөт. Сабак берүү ыкмалары толугу менен жаңыртылды. Сабактар 5-6 жаштагы балдарга ылайыкташкан. Азыркы балдар өзгөчө, кабыл алуусу бат, ойлорун билдире алган зирек муун десем жаңылбайм. Окуу куралдары менен бирге сабактар оюн түрүндө, баарлашуу ыкмасында өтүлөт. 1-класстарга баа коюлбайт, болгону “жакшы, “эң жакшы”, “туура кылыпсың” деген өңдүү баалоо болот. Балдардын сезимдерине өзгөчө басым жасалат.
— Класстан класска секирүү, өтүү тууралуу айтсаңыз? Быйыл кайсы класстар кийинки класска көчүшөт?
— Быйылкы бүтүрүүчүлөр 11-классты кадимкидей эле аяктайт. Ал эми бардык өтүүлөр 2025-2026-окуу жылынан 2027-2028-окуу жылына чейин болот. Быйыл 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
2026-2027-окуу жылында 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт. 2027-2028-окуу жылында 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт. Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт. Акыркы этап – 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027-2028-окуу жылынан баштап берилет. Толук 12 жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүсү 2036-2037-окуу жылында (2019-жылы туулган) болот.
— Жаңы программа аркылуу балдарга сабак берүүчү мугалимдердин даярдыгы, китептердин жетиштүүлүгү кандай?
— Мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушканда дал ушул маселелер боюнча иш-чараларды так аткарууну тапшырды. Алгачкы этаптык мезгилде 3800 мугалим керек экендиги аныкталды. Кадр маселесинде жогорку окуу жайды бүткөндөрдү бөлүштүрүү жолу, дүйнөдөгү ийгиликтүү билим берүү системасы иштеген өлкөлөрдө көп колдонулган дуалдык билим берүү системасы менен чечсек болот. Дуалдык система аркылуу келечектеги педагог жогорку окуу жайда окуп, ошол эле учурда мектепте да иштейт. Ага университет, мектептеги педагогдор насаатчы катары жардам кыла алат. Окуган адис алган билими практика менен ишке ашырылат. Мугалимдерди жаңы система менен сабак берүүгө даярдоо иши улантыла берет. Билим берүүгө жаңы система киргизүүнүн эң негизги максаты – билим берүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул жерде алдыга мугалим чыгат. Мугалимдерди заманбап методикалар менен камсыздоо иши жолго коюлууда. Жалпы 24 миң мугалим атайын окуулардан өттү, дагы окутулат. Билим берүү системалары ийгиликке жеткен дүйнө өлкөлөрүндөгү окуу китептеринин негизинде окуучуларга 46 аталыштагы окуу китептери басмага даярдалууда. Китептер бардык мектептерге таратылат.
— Окуу имараттарынан көйгөй жаралбайбы?
— Буга чейин окуу имараттарынын саны иликтенген. Республика боюнча калк көп жайгашкан жерлерде Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абадда окуу имараттары жетишсиз, көйгөй бар. Бирок, бул убактылуу маселе. Акыркы 2 жыл ичинде бул көйгөй жоюлат. Калган региондордун көпчүлүгүндө маселе чечилген. Мамлекет тараптан билим берүүнүн жаңы системасынын алгачкы этаптары үчүн каржы маселеси чечилген. Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукту, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы муунду глобалдык чакырыктарга даярдоонун негизи болгон билим берүүнү трансформациялоо процессине активдүү катышууга чакырат.
Мээрим Бактыбек кызы