Билим берүү жана илим министрлигинде 414,5 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан бардык мыйзам бузуулар боюнча аныкталган сумма 414 млн 547 миң сомду түзүп, 154 млн 180 миң компенсация төлөнүүгө тийиш болгон. 78 млн 200 миң сом толтурулган. «Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү көрсөтмөлөр жана сунуштар жөнөтүлдү»,-делет маалыматта.