Билим берүү жана илим министрлиги 2025–2028-жылдары 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү ишке ашырганы жатат. Алдын ала эсептөөлөргө караганда бул реформаны ишке ашырууга 25,8 млрд сом керектелет. Коомчулук арасында мектептерди 12 жылдык билим берүү моделине өткөрүү маселесинде ар кандай пикирлер жаралууда. Айрымдар мурдагыдай эле 11 жылдык билим берүү системасын калтырыш керек десе, айрымдар 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктуу жактарын белгилешүүдө. Эгер ага өтсөк мектеп программасында кандай өзгөрүүлөр болот? Адистер билим берүүнүн жаңы моделине өткөн кезде мамлекеттик жана предметтик стандарттар, окуу планы жана китептердин мазмундары кайрадан иштелип чыгарын айтышууда. Бул өзгөрүүлөрдөн улам балдардын билим алуусунда кандайдыр бир боштуктар же “ак тактар” болбойт. Окутуу пландуу түрдө жүргүзүлөт жана бардык мектеп программасын камтыйт. Анан албетте, кайсы бир предметтер боюнча сабактар бириктирилет. Тилдерди окуп үйрөнүүдө, анын ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерди окуп үйрөнүүнүн жол-жобосу иштелип чыгат.
Жаңы предметтердин пайда болушу да күтүлүүдө. Дүйнөлүк билим берүү тармагында ал Science (наука) деп аталат, бирок бизде аталышы башкача болушу мүмкүн. Ал физика, химия, биология сыяктуу предметтердин интеграция болушу. Бул предметтер мурдагыдай жогорку класстарда эмес, башталгыч класстарда окутула баштайт. Баарыбыз жакшы билгендей мурда бул предметтер өз-өзүнчө окутулчу эле. Мындай усул предметтердин ич ара байланышын камсыз кыла алган эмес. Мисалга “Сууну” алалы. Көптөгөн жылдар бою суу бир предмет боюнча биринчи чейректе, экинчи предмет боюнча экинчи жарым жылдыкта, үчүнчү предмет боюнча башка класста окутулуп келген. Балдар “сууну” ар кандай көз карашта ар кайсы мезгилде окуп, теманы толук түшүнүүдө чаржайыт ойдо калышкан. Ал эми STEM программасы менен окутууда темалар китептердин мазмундарында көрсөтүлгөндөй ар түрдүү планда эмес, максаттуу багытта окутулат.
Мектептин башкы милдети – балдарга өз билимин колдонуу менен маселени чече алганга үйрөтүү. Мындай ыкма балдар үчүн өтө пайдалуу жана терең билим алууга өбөлгө болот. Жогоруда аталган предметтер кенже класстарда бирдиктүү предмет боюнча окутулат, а жогорку класстарда программа татаал болгондуктан бөлүнүп окутулат.
“Жогорку менеджмент мектебинин” директору Фарида РЫСКУЛУЕВА:
— Кыргызстандагы мектептерди 12 жылдык билим берүү моделине өткөрүү маселеси бүгүн эле чыга калган жок. Биринчи жолу бул маселени 2006-жылы ошол кездеги Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев көтөрүп чыккан. Билим берүү министрлиги дүйнө ушунчалык тездик менен өнүгүп, өзгөрүп жаткан ааламдашуу доорунда 12 жылдык билим берүүгө өтүү сөзсүз болуучу иш экендигин жакшы түшүнгөн. Дүйнө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүдө, планетадагы адамдардын саны өсүүдө, санариптик маалымат менен технологиянын кулачы кеңейүүдө, өндүрүш доорунан экономиканын санариптик кылымына өтүү жараяны жүрүүдө. Дүйнөлүк коомчулукта барган сайын билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоонун баалуулугу өсүп жатат.
2015-жылы 12 жылдык билим берүү системасына дүйнөнүн 150 өлкөсү өткөн. Алардын ичинде АКШ, Израиль, Австралия, Åвропа мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү, Кытай, ßпония, Түштүк Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Бразилия бар. Ал эми Англия, Жаңы Зеландия, Германия, Швейцария, Франция, Италияда мектептерде 13 жыл окушат. Балдардын 1-класска баруу курагы ар кайсы өлкөлөрдө ар башка. Биринде 5 жаштан кабыл алынса, кээ биринде 7 жаштан мектепке барат.
Мурдагы СССРдин курамына кирген КМШ мамлекеттеринин ону 12 жылдык билим берүүгө өткөн. Алар Армения, Украина, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Литва, Латвия, Эстония. Ал эми Кыргызстан азырынча 11 жылдык билим берген Азербайжан, Беларусь, Россия, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Булардын айрымдары 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярданып жатса, айрымдары каражаттын жоктугунан өтө албай келишет. Менимче, Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү моделине өтүүгө убакыт келди. Мисалга алыс барбай коңшу Казакстанды эле алалы. Казакстан 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен тээ 2003-жылдардан тартып өтө баштаган. 12 жылдык системага өтүүнүн башкы максаты – бул билим берүүдөгү атаандаштыкты күчөтүү, билим берүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүү, укмуштай тез өзгөрүп жаткан азыркы ааламдашуу доорунда келечек муундардын активдүү жарандык, атуулдук позициясын калыптандыруу, мекенди сүйгөн патриоттук сезимин ойготуу, адеп-ахлактык жана лидерлик сапаттарын жогорулатуу болуп саналат. Казакстан 2023-жылдан тартып толук бойдон 12 жылдык билим берүү системасына өттү.
12 жылдык билим берүүдө балдарга мектептеги көп сабактардан бир кыйла жеңилдиктер болуп, бош убактыларында спорттук оюндарга катышып, өз алдынча чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүндүк болот. Өлкөдө мектептерди 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүүнүн негизги себептери кайсылар деген орундуу суроо туулат. Эң башкы себептеринин бири – мектептеги окуу программасы окуучулар үчүн өтө эле көп, оор болуп калгандыгында. Акыркы жылдары мектептерде кайсы предметтер боюнча сааттарды кыскартыш керек деген орчундуу маселе келип чыкты. Анткени, заманга жараша жаңы предметтер пайда болду. 12 жылдык билим берүүгө өтүү окуу программасын жаңыдан түзүп, аны 12 жылга тең бөлүүгө, бүтүрүүчүлөрдү тез өзгөрүп жаткан глобалдуу дүйнөгө даярдоого мүмкүнчүлүк берет.
Бизде мектепке чейинки мекемелерде, бала бакчаларда балдардын мектепке болгон даярдыгы ар кандай абалда. Айрымдары даярдоо программаларынан өтсө, айрымдары жарым-жартылай өтөт. Ал турсун бала бакчага такыр барбай калган балдар да бар. Ошондо бул балдарды кантип дароо 1-класстан окутуп кетсе болот?
Тилекке каршы биздеги азыркы кырдаал дал ушундай ахыбалда. Мунун баары балдарга тең, бир кылка билим берүүгө кедергисин тийгизет. Ошентсе да биз 12 жылдык билим берүү ситемасына өтүшүбүз керек. Бул мезгилдин чакырыгы. Көч бара-бара түзөлөт дегендей анча-мынча кемчиликтер, жетишпестиктер убакыт менен кошо оңдолуп кетет. Ал үчүн жалгыз эле Билим берүү министрлиги эмес, ата-энелер, жалпы коомчулук кол кабыш кылыш керек. Четте туруп сындай берүүдөн эч пайда жок.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ