Эгемендүү мамлекет катары өнүгүүгө карай алган сапарыбыздын 30-жылында да кыргыз тилиндеги балдар адабияты жана окуу куралдарынын аздыгы көкүрөгүбүздү өйүгөн көйгөй болуп турганына карабастан, аз да болсо, ары маңыздуу, ары заманбап эмгектердин жаралып жаткандыгы кубантпай койбойт. Жакында дал ушундай эмгектердин бири, т.а. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу Калия Кулалиеванын «Балдарга кыргыз тили» сериясынын алкагында «Тамгаларды тааныйлы», «Окуганды үйрөнөм», «Окуйм жана түшүнөм» аттуу үч китептен турган окуу топтому жарык көрдү.
Аталган топтомдун «Тамгаларды тааныйлы» деп аталган биринчи китеби балдарга тамга таанытуу максатында жазылып, ар бир тамга балдардын көңүлүн бура тургандай кооз сүрөттөр менен коштолуп, балдардын эстеп калуу көндүмдөрүн калыптандырат. Ал эми «Окуганды үйрөнөм» деп аталган экинчи китеп балдарды муунга бөлүп окууга үйрөтүүчү материалдарды гана камтыбастан, анда кыска методикалык көрсөтмөлөр да берилген. Бул көрсөтмөлөр бала бакча, башталгыч мектеп педагогдору менен катар эле балдарын өз алдынча окууга үйрөтүүнү көздөгөн ата-энелер үчүн да өтө пайдалуу окуу куралы болуп саналат.
Бул китеп топтомунун «Окуйм жана түшүнөм» деген аталыштагы үчүнчү китебинде балдардын текстти окуп түшүнүү көндүмдөрүн калыптандыруучу материалдар орун алган. Китепте автор балдар үчүн жазылган чакан тексттерди берүү менен гана чектелбестен, балдардын тексттин мазмунун түшүнүп, маалыматтарды кабылдоосуна, жаңы сөздөрдү үйрөнүүгө, сөздөрдүн маанилерин эстеп калууга багытталган «туура окуйлу», «сөз үйрөнөлү», «туура толуктайлы» деген сыяктуу бир катар көнүгүүлөрдү да берген. Мындай көнүгүүлөрдүн орун алышы аталган китептин жаңычылдыгы да, артыкчылыгы да болуп эсептелет.
Аталган эмгектин буга чейинки балдар үчүн жазылган окуу китептеринен айырмасы – мында балдарга текстти окутуп, анын мазмунун айттыруу менен гана чектелбейт. Окулган текстке карата түзүлгөн ар түрдүү көнүгүүлөр балдардын текст менен иштөө, андагы маалыматтарды эске тутуп калуу, ой жүгүртүү, текстке карата берилген суроолордун жообун таба билүү сыяктуу көндүмдөрүн калыптандырып, сөз байлыгын, өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрөт.
Ошол эле учурда бул китептердин топтому көп жылдык педагогикалык тажрыйбанын негизине таянып жазылгандыгы, окутуунун заманбап усул-ыкмаларына шайкеш келгендиги жана учурдун талабына ылайык түзүлгөндүгү менен баалуу. Айрыкча китептердин улуттук колориттеги жасалгасы, балдарга арналган табышмак, жаңылмач, ыр жана макал-лакаптарды камтышы улуттук иденттүүлүктү калыптандырууга жана улуттук баалуулуктарды сиңирүүгө чоң салым кошот.
Жыйынтыктап айтканда, Калия Кулалиеванын «Балдарга кыргыз тили» сериясынын алкагында даярдалган бул китептер топтому балдар адабияты, педагогика жана балдарга кыргыз тилин үйрөтүү жаатындагы жаңычыл эмгектердин эң мыкты үлгүсү деп айтсак жаңылбайбыз. Айрыкча бул эмгегин жаратууда автордун эне катары жаш балдардын аң-сезимин эң жакшы түшүнүп, материалдарды балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, ой жүгүртүүсүнө ылайыктап өтө кылдаттык менен тандагандыгы көрүнүп турат. Мындан улам, аталган китептер топтому бала бакча, башталгыч мектептин педагогдору менен катар эле ата-энелер үчүн да кыргыз тилиндеги эң мыкты колдонмо болуп саналат.
Биз сөз кылып жаткан окуу китептер топтому тажрыйбалуу педагог-окумуштуунун эмгектеринин бир гана багыты. Мындан тышкары филология илимдеринин кандидаты, доцент Калия Кулалиева – «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде окутуу», «Муниципалдык кызматкерлер үчүн кыргыз тили», «Тил башат», «Манас» эпосу менен Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастанындагы идеялык-көркөмдүк параллелдер» деген сыяктуу бир катар окуу куралдары менен монографиялардын автору жана 7 томдон турган «Манас» эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчүн» даярдап чыгарууну максат кылган бараандуу долбоордун демилгечиси катары манастаануу жаатында олуттуу жаңылык жараткан фольклорист.
Балдар – биздин келечегибиз, ал эми улуттук тилибиз, улуттук маданиятыбыз – атадан калган аманатыбыз. Биз бул аманатты кийинки муундарга калтыралы деген максат коюп аракет кылсак, эртең биздин ордубузду баса турган балдар үчүн эне тилибизде дал ушундай ары сапаттуу, ары маңыздуу, ары заманбап окуу куралдарын чыгарууга басым жасап, ал эми бул жаатта татыктуу эмгек жараткандарга колдоо көрсөтүшүбүз абзел.
Эне тил – улуттук иденттүүлүктү аныктаган негизги баалуулук. Эгер биз улут катары бар болгубуз келсе, улуу көчүн кылымдар бою улантып келе жаткан эне тилибизди аздектеп, анын бешигинде жашап, аны дилибизде жашатып, арттырса арттырып, бирок кемитпей, келечек муундарга баа жеткис казына катары өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Дал ушундай милдетти аркалап, улуттук маданий казынабызды байытууга жан үрөп салым кошуп, эне тилибизге бараандуу кызмат көрсөткөн И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу Абдил Шерматов агайыбыз белгилегендей, «мамлекеттик тилдин дыйканы» Калия Кулалиева сыяктуу жаратман окумуштуу-педагогдорубузга терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан аркы жаратмандык сапарынын байсалдуу болушуна чын дилибизден тилектешпиз!
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Рахат Аскарова