"Эркин-Тоо"

Билим берүү мекемелеринде террордук актты алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын милициянын ведомстволук полкунун кызматкерлери, ошондой эле ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын күзөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана педагогикалык жамааты менен бирге Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында террордук акт боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чарада ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилери окуучуларга мындай жосундарга жол берилбестигин айтып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо, даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, — жаза жана жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле кыраакылыкты күчөтүп, эвакуациялоо боюнча чараларды көрүү керектигин белгилешти.

Иш-чара террордук акт, коюлган бомба, өрттөө же адамдардын өлүмүнө, оор залал келтирүү коркунучун жараткан башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалыматтардын көбөйүшүнө жол бербөө максатында өткөрүлдү.

Жалган маалыматтардын кесепетинин натыйжасында билим берүү мекемелеринин имараттарында иштин нормалдуу ритми бузулуп, террордук актынын жалган коркунучун болтурбоо үчүн тиешелүү күчтөрдү жана каражаттарды тартуу менен экстремалдык кырдаал түзүлүп, адамдардын арасында коркунучту, дүрбөлөңдү жана жалган ушактарды пайда кылууда.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда кызматкерлер ар кандай өзгөчө кырдаалдарда кандай чара көрүү керектигин, айгай белгиси учурунда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери калк менен биргеликте кандай иш алып барарын көрсөтүштү.

ИИМдин Күзөт кызматынын
Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!