"Эркин-Тоо"

Билим берүү министрлигинин өкүлү балдардын тамактануусу боюнча глобалдык форумга катышууда

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков 24-октябрдан 28-октябрга чейин Бенин Эл Республикасынын (Батыш Африка) Котону шаарында өтүп жаткан “Балдардын тамактануусу” Глобалдык форумуна катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, форумда Бакыт Рысбеков “Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашынын өзгөчөлүктөрү” темасындагы презентацияда1-4-классынын окуучуларынын тамактануу өзгөчөлүктөрү жана мектептеги тамактанууда колдонулган укуктук ченемдик актылар жөнүндө айтып берди.

Форумга мектептеги тамактануу программасын талкуулоого жана жамааттык артыкчылыктарды белгилөөгө бардык континенттен адистер катышууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!