"Эркин-Тоо"

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Сузактагы мугалим менен окуучунун окуясы боюнча өз пикирин билдирди

Мугалимдин кылганы туура эмес, деди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Сузактагы мектепте болгон мугалим менен окуучунун чыры боюнча.
Анын айтымында, канчалык туура эмес болгон учурда да балага кол көтөрбөш керек, баланын психологиясы бузулат.
«Бирок коомдо мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп болуп жатат. Бул тарбиянын баш оту менен берилбегендигинен келип чыгып жатат. Тарбияга биринчи жоопту болгон — бул билим берүү уюму эмес. Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат. Экинчиден, тарбияны калыптандырган формага салган — бул билим берүү тармагы: мектептер, бала бакчалар, окуу жайлар. Ошондуктан биз жаңы мыйзам иштеп чыктык. Мыйзамда тарбиядагы ата-эненин жоопкерчилиги жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган. Ошол мыйзамды, буюрса, кароого киргизебиз», — деп айтып берди министр.
Анын айтымында, мындай нерсе руханий кемчиликтен, бошчулуктан келип чыгат.
«Эгерде биз үй-бүлөдөн баштап жакшы тарбия бергенибизде мындай маселелер болбош керек эле. Ал жерде конкректтүү факт болуп жатпайбы — мугалимге кличка коюп жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге кличка коюусу — тарбиянын жаман чеги. Бирок кандай болгон учурда да, мугалим ата-энеси менен сүйлөшүп, мектеп администрациясы мнен сүйлөшүп, жакшы жол менен чечиш керек болчу. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөш керек», — деген пикирин билдирди Бейшеналиев.
Ал министр болуп келгенде эле Билим берүү министрлигинде тарбия бюоюнча сектор негиздегенин айтып өттү.
«Биздин максатыбыз — ар бир мектепте, ар бир бала бакчада тарбия берүү процессин кайра жандандырышыбыз керек: класс жетекчилер аркылуу, мугалимдер аркылуу, иш-чаралар аркылуу, балдарга кошумча билим берүү аркылуу, жакшы материаладрды, чыгармаларды сунуштоо аркылууу. Ошол эле учурда мектептер ата-энелер менен тыгыз мамиле кылышы керек. Мугалимдерден ата-энелер менен активдүү иштөөнү суранабыз, анткени шарттар түзүлө баштады, мугалимдердин иш кагаздарын азайтып бердик. Ушунун негизинде бошогон убактыларын ата-энелер менен иштешкенге жумшаш керек. «Мектеп—үй-бүлө—бала» байланышын жакшыртышыбыз керек», — дейт министр.
Анын пикир боюнча, балага билим гана берүү жетиштүү эмес.
«Билим адамды адам кылбайт. Билим адамды кесипке даярдайт. Адамды адам кыла турган — руханий ички дүйнөсү, тарбиясы, жүрүм-туруму, адеп-ахлагы. Президентибиз да бекеринен биринчи жарлыгын адамдын рухайний-адеп-ахлактык өнүгүүсү тууралуу чыгарган жок да. Ошондуктан биз да ошонун негизинде иш алып барабыз. Мектептер мындан кийин сөзсүз тарбияга басым жасайт. Ар бир бүтүрүүчү 11-жылды бүткөндүгү тууралуу аттестатты, 1 же 2 кесиптин ээси, искусство жана спорттун бирден тармагынын мыкты чебери болуп чыгат деген амбициялуу пландары коюп жатабыз. Ушулардын негизинде баланын тарбиясы калыптанышы керек. Сөзсүз улуттук баалуулуктар, патриоттуулук маселелери, ошонун ичинде адамдык баалуулуктар эң негизгиси болуп жатат. Дүйнөнүн бардык жеринде тилине, дилине, өңүнө карабай, адамдык баалуулук бирдей болот. Бардык жерде калп айтпаш керек, сөгүнбө, жаман болбо, уурдаба, кыянаттык кылба деген нерсе. Ошол баалуулуктарды балдарда калыптандырышыбыз керек», — деп айтып берди Бейшеналиев

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!