"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Билим берүү жаатында Франция менен кызматташабыз

Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Кыргызстанда Espace Campus France аталышындагы жаңы кампус ачылды. Бул кампус Франциядан билим алууну каалаган бардык кыргызстандык жаштар үчүн маалымат берүү жана колдоо үчүн бирдиктүү терезе болуп бермекчи. Кыргызстандык жаштарга француз тилин үйрөтүп, Франциянын белгилүү университеттерине тапшырууга багыт бере турган кампустун ачылыш аземине Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча министр-делегаты Лоран Сен Мартен баштаган топ, Агартуу министринин биринчи орун басары, Мухтарбек Баймурзаев, Француз Альянсынын президенти Гузел Ишеновалар катышты.

Бул иш-чара  француз жана кыргыз тараптардын билим берүү жаатындагы кызматташуусундагы маанилүү этап болорун билдирген Лоран Сен Мартен кампустун ачылышы менен биргеликте Кыргызстандагы француз тилин тереңдетип үйрөткөн жалгыз №26 орто мектебинин окуучуларына француз тили боюнча расмий сертификат алуу үчүн экзамен тапшырууга мүмкүндүк берген “DELF scolaire” келишими да жаңыртылганын билдирди.

Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев Espace Campus France  кампусу Францияда билим алууну каалаган бардык кыргызстандык жаштар үчүн пайдалуу платформа болоруна токтолду. Мурда Европаны багындыргысы келген жаштар чет өлкөлүк сайттардан маалымат издеп келген болсо, азыр түз эле кампуска келип, тил үйрөнүп, бардык маалыматка ээ болуп, жардам да ала алышат. Андыктан билим кенин казгысы келген, француз тилин үйрөнөм деген жаштарды Espace Campus France чыдамсыздык менен күтөт.

 Жазгүл  КЕНЖЕТАЕВА