— Абдурахман мырза, сиз Бишкектеги кытай тилин окутуу мектебин иштетип, өзгөчө билим жаатында кытай инвесторлору, окуу жайлары менен кызматташып келесиз. Ал кандайча башталды эле?
— Мектептин 9-классын Кара-Суудагы Фархад айылындагы Панфилов мектебин, 11-классты Ош шаарындагы У.Салиева орто мектебин аяктагандан кийин И.Арабаев атындагы кытай тили бөлүмүнө кирдим. Тилди жакшы билбей, кыйналдым. Ошондо “мигрант болуп Россияга кет, ата-энеңе жардам бер, сен кытай тилин өздөштүрө албайсың” деген мугалимдин сөзүнөн кийин чыйралып, “Кытайга барып окушум керек” деген максат койдум. Акыры өз алдымча окуп жүрүп, контракт экенине карабай Түндүк-Батыш улуттук университетине 1 жылдык кытай тилин окутуу курсуна кабыл алындым. Ата-энем бир тууган агаларымды мигрант кылып Россияга жөнөтүп, иштеп тапкан акчасын өзүмө салдыртып, менин бир жылдык 7 миң доллар контрагымды төлөштү. Тилди үйрөнүп калганда 2010-2014-жылдары Ланьчжоу университетине Кытай мамлекети тарабынан чет элдик студенттер үчүн берилген толук гранттык программа менен (окуу, жатакана бекер, айына 250$ стипендия) кабыл алынып, эл аралык саясат факултьтетин окуп бүтүрдүм. 2014-2017-жылдары ушул эле Ланьчжоу университетинин эл аралык байланыш факультетинин магистратурасын гранттык программада окудум. 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин PHD доктордук диссертациясын жактоо максатында Ланьчжоу университетинин менеджмент факультетинде административдик башкаруу кесибин алуу үчүн гранттык негизде билим алып жатам. Мен окуган Ланьчжоу университети дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү 500 университеттин катарына кирет. Тарыхы бай, 1909-жылы түптөлгөн. Көптөгөн өлкөлөрдөн студенттер барып окушат. Менин жаштыгым, билим алуудагы бардык тажрыйбам ушул университетке тыгыз байланыштуу. 2019-жылы Кыргызстандагы Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасына окууга тапшыргам, учурда илимий изилдөөлөр менен алекмин. Баса, Кытайда кыргыз ишкерлерине котормочулук кылып жүрүп, ата-энем, бир туугандарым берген 7 миң долларды бир жылдан кийин кайрып бергем.
— Кытай ишканалары, завод-фабрикалары менен тыгыз кызматташып, жакшы мамиледе экенсиз. Эмнеге чоң компания түзүп же завод-фабрика куруп чоң бизнеске кетпей, билим тармагына басым жасадыңыз?
— Мен карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп, бала чагым, жаштыгым талаада өттү. Ошондо “чоңдун, байдын балдары алган билимди биз алсак болбойбу?” деп ойлонуп, кычырап жүрүүнү кыялдана берчүмүн. Билим алуу дилгирлигим күч болгондуктан өз бут кийимим жок, агамдын сабактан келишин күтүп, анын чоң ботинкесине пахта тыгып алып мектепке чуркачумун. Түшүнбөсөм деле дипломат болом дей берчүмүн. Акыры ата-энемди көндүрүп Ош шаарына, андан ары Бишкек, Кытайга барып окудум. Карапайым адамдардын балдары да мендей болуп билим алса, аларды окутсам деген ой менин негизги максатым болуп калды. Болбосо сиз айткандай, Кытайдын өзүндө иштесем чоң акчаларды тапмакмын же чоң бизнеске кетсем деле болмок. Мен кыргыз балдардын билим алуусуна абдан куштармын. Өлкөнү билимдүү адамдар гана көтөрөт эмеспи.
— Билим берүү жана илим министрлигине “Билим кербенин” уюштуруу, ал аркылуу карапайым үй-бүлөнүн балдарын кытай тил курстарына бекер окутуу демилгеси менен кайрылыпсыз. Кайрылууңуз министрлик тарабынан колдоо таптыбы?
— Ооба, алар дароо колдоду. Мектептерге баруу боюнча буйругун да чыгарып беришти. Андан сырткары, жакында эле Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзүнүн орун басарлары менен Кытайга барып келишкенин маалымдашты. Министрликти Кыргызстандан жылына канча студент Кытай окуу жайларына кетип жатканы кызыктырууда. Муну Кыргыстандагы Кытай элчилигинен канча студенттик виза даярдалганынан билип турса болот. Жаштарды Кытайга окутуу, ал жактан кытай жаштарын биздеги окууларга тартуу боюнча ойлорумду ортого салдым. Кытайдан мугалимдер үчүн компьютерлерди алуу, студенттерди Кытай окуу жайларына жөнөтүү сыяктуу билим жаатында көптөгөн маселелер менен кызматташа турган болдук. Биз уюштуруп жаткан билим кербени менен алгач Бишкектин конуштарындагы мектептерге барып, колунда жок карапайым ата-энелердин балдарын тандап алып, өзүбүздүн “Билим экспорт” кытай тили мектебинде 6 айлык курста бекер окуталы деп жатабыз. Ага 5 мектептен бештен кылып 25 окуучуну тандап алабыз. Жакшы окугандарын, кытай тилин өздөштүрүп калгандарын Кытай университеттерине толук гранттык окууга жөнөтөбүз. Ал үчүн Кытайдагы окуусу, жатаканасы бекер болуп, кошумча стипендия да төлөнүп берилет.
— Кыргызстандагы айрым кесиптик лицейлердин абалы жакшы эмес. Азыр мыкты кесиптерди үйрөнгөн жаштар аба менен суудай керек. Мисалы, Кытайдан электромобилдер көп келе баштады. Эгер ал көчөдөн токтоп, бир жери бузулуп калса, карай турган адис жок.
— 2019-жылы Бишкекте Билим форумун уюштурдум. Ошондогу негизги максатым – Кытайда абдан өнүккөн кесиптик колледждери менен биздин кесиптик лицейлердин тажрыйба алмашуусун өркүндөтүү, бул жерде өтө таңкыс кесиптерди окутуп чыгаруу болгон. Бизде лицейлерде окуп жаткан балдарды мыкты ишканалар менен иштешүүгө түзмө-түз милдеттендирип, практика өткөрүп окутса абдан жакшы болор эле. Мисалы, бизде тоо-кен тармагында иштеген компаниялар өтө көп. Бирок алардын адистери жетишпейт. Тоо жардыруучу бир гана адис бар экен, ал дагы карып калыптыр. Лифт чыгаруучу завод ишке киришти, ага иштей турган кесипкөй адистер жок. Жолдор тынбай курулууда, жол адистери жетишпейт. Электромобилдер, газ менен иштөөчү унаалар келип жатат, аларды оңдой турган автослесарлар көп табыла бербейт. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада Кытайдын бай тажрыйбасын үйрөнүп, алар менен келишимдерди, меморандумдарды түзүп, биздин кесиптик лицейлерге бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган адистиктерди ачып, окута башташыбыз керек. Президентибиз айткандай, 30 жылда тиш чукугуч да чыгара албай келдик. Эми өндүрүштү колго алып, чыгарган продукцияларды биз дагы экспорттошубуз керек. Азыр өндүрүштө технологияны колдоно билген кесипкөй кадрлар абдан керек. Андыктан, быйыл басымды кесиптик билим берүүгө коебуз. Себеби, жаңы ГЭСтерди, ЖЭБдерди оңдоо, жаңыларын куруу үчүн кесипкөй адистер талап кылынат. Мамлекетке жардам берүү үчүн биз кесиптик лицейлерден керектүү адистерди чыгарууга көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Анүчүн Кытайдын окутуу тажрыйбасын үйрөнүүбүз керек.
Мына кечээ эле Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу менен жолугушуубуз ушул темада болуп, Кытайдын кесиптик билим берүү колледждери менен Кыргызстанга керектүү кесиптерди ачуу, сапатын жакшыртуу, практикадан өткөрүү, жумуш менен камсыздоо тармагында кызматташууну талкууладык.
— Билим форумун экинчи жолу уюштурууну колго алганы турасыз. Буга Кытайдын кесиптик лицейлеринен да келишеби?
— Пандемияда токтоп калган демилгени кайра жандандырып, быйыл апрель айында экинчи Билим форумун уюштурууну колго алганы жатам. Ага Кытай университеттери менен кесиптик лицейлеринен, КМШ өлкөлөрүнөн, Орто Азия окуу жайларынан өкүлдөрдү чакыруу пландалууда. Бул маселени да Билим берүү жана илим министрлигине айттык эле, сунушубузду туура көрүштү. Буюрса, алар да жардамдашып, форумдун жакшы өтүшүнө көмөктөшө турган болушту. Биз бул форум аркылуу жаштарыбызды башка өлкөлөргө окууга жөнөтүп, чет өлкөлүк жаштарды өзүбүздөгү окууларга тартсак болот. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусун уюштуруп, аларды да окутсак болот. Кытай акылманы айткандай, “Балдарга даяр балык бербей, кайырмак карматып, балык кармаганды үйрөтүү керек.”
Бактыгүл КУЛАТАЕВА
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 16-февралы