"Эркин-Тоо"

БИЛИМДИН ЖАРКЫН ЖОЛУНДА

Билим уясы – адамдын өмүрүндө өчпөс из калтырган ыйык жай. Ар бир мугалимдин, ар бир бүтүрүүчүнүн жүрөгүндө өз мектеби өзгөчө орунда турат. Бишкек шаарындагы №28 жана №70 мектептер дал ушундай ардактуу жана бай тарыхка ээ билим ордолору. Бул жылы эки мекеменин тең мааракелик даталары белгиленип жатат: улуу мурастын уясы болгон №28 мектепке – 85 жыл,
ал эми жаштык деми менен билим берүүнүн заманбап жолун тандаган №70 мектепке – 35 жыл.

Тарыхты сүйлөткөн 85 жыл

1939-жылы түптөлгөн №28 мектеп – көптөгөн доорлордун сыноосунан өтүп, билим берүү системасына олуттуу салым кошкон үлгүлүү мектептердин бири. Ар бир кыялы бүтүрүүчүнү канааттандырган, ар бир сөзү рух берген устаттары менен бул мектеп кыргыз элинин агартуучулук тарыхында өзүнчө из калтырды. Ардактуу мугалимдер, билимдүү бүтүрүүчүлөр, салттуу таалим – булардын бардыгы мектептин түбөлүктүү мурасын түзөт.

Жаңычылдыкты тандаган 35 жыл

1989-жылы ачылган №70 мектеп улуттук билимге болгон жаңычыл мамилени жүзөгө ашырган, жаңы замандын талабына жооп берген мекеме катары таанылып келди. Өзүнүн 35 жылдык тарыхында мектеп замандын талабына ылайык өзгөрүп, технологиялык жана усулдук жактан жаңыланууга багыт алды. Ар жыл сайын олимпиадаларда, долбоорлордо жана маданий иш-чараларда ийгиликке жетишкен окуучулар – мугалимдердин талыкпас эмгегинин жемиши.

Биригүүдөн жаралган жаңы мүмкүнчүлүк

Бүгүнкү күндө бул эки мектеп бирдиктүү билим уясы катары жалпы максат, жалындуу муун жана бекем ынтымак менен иш алып барууда. Мектептин базасы, мугалимдердин потенциалы, окуу-тарбиялык багыттар биригип, күчтүү билим берүү чөйрөсү калыптанды. Бул – салт менен жаңычылдыктын табигый синтези. Мектеп жамааты үчүн бул бир гана уюштуруучулук өзгөрүү эмес, келечекке болгон чоң жоопкерчилик.

Устаттарга таазим, бүтүрүүчүлөргө сыймык

Маараке – бул эскерүү, таазим жана ыраазычылык. Ушул күнү №28 жана №70 мектептерде эмгектенген бардык мугалимдерге, алардын ичинде көп жылдык эмгеги менен муундарды тарбиялаган ардагер устаттарга терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын билимге болгон берилгендиги, ар бир окуучу үчүн жүрөгү күйгөн инсандык мүнөзү тарых барактарында алтын тамгалар менен сакталып калат.

Ал эми ушул мектептерден билим алып, өз кесибинде таанылып жүргөн жүздөгөн бүтүрүүчүлөр бүгүн мектептин сыймыгы. Алардын ийгилиги – мугалимдердин эмгегине берилген эң чоң баа.

Биздин мектеп окуучулардын саны боюнча Бишкек шаарындагы эң чоң мектептердин сабын толуктады. Бүгүнкү күндө мектепте жалпысынан 5044 окуучу билим алат. Класс-ком-плектилердин саны – 128. Аларга 185 мугалим сабак берет. Анын ичинен 2 мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, 47 мугалим Билим берүүнүн мыктысы, жаш мугалимдер, адистер – 126.

Мектеп уюшулгандан бери эле инновациялык режимде окутуу процессин жүргүзүп келет. Жаңы технологияларды окуу процессине киргизүү жана мугалимдердин билимин үзгүлтүксүз көтөрүүнүн үстүндө иштөө менен мугалимдер окуучулардын билим сапатын бир топ жогорулата алды. Мектеп окуучулары стабилдүү түрдө шаардык, республикалык предметтик олимпиадалардан жыл сайын математика, химия, география, биология, чет тили предметтери боюнча байгелүү орундарды камсыз кылып келет. Ал эми 9 “е” классынын окуучусу Мусаходжаев Султан математика боюнча эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, келечегинен көптү үмүттөндүрүүдө. Жыл сайын орточо 3-5 окуучу “Алтын тамга” аттестатын алып келишүүдө.

Ал эми ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ар жылы окуучулардын “Алтын сертификатка” ээ болушу, мектепте окуучулардын билим сапаты стабилдүү экендигин көрсөтөт. Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ боюнча орточо баллы 160дан өйдө болуп жүрөт. 20-25 окуучу 200 баллдан ашуун көрсөткүчкө жетишүүдө. Бүгүнкү күндө мектептин жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларында Россия, АКШ, Германия, Чехия, Польша, Венгрия, Түркия, Кипр, Англия, Кытай, Канада өлкөлөрүндө окуп, билим алышууда.

Дээрлик бардык класстык бөлмөлөрдө компьютердик техника, ксерокопия, телевизор, диапроектор, 15 кабинетте электрондук доска коюлган. Табият таануу предметтери боюнча лабораториялар керектүү жабдуулар менен камсыз болгон. STEAM предметтери боюнча көптөгөн окуулар, тренингдер, тажрыйба алмашуулар тынымсыз болуп турат. Илимий иштерге да өзгөчө маани берилет. Ар кандай багыттагы долбоорлор менен да кызыктуу иштер жүргүзүлөт. КРСУ, БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ жана башка жогорку окуу жайлар менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Мектепте эл аралык байланыштарга да маани берилет. Түштүк Корея Республикасынын элчилигинин колдоосу менен корей тилин үйрөнүү борбору, БМУнун Конфуций институтунун колдоосу менен кытай тилин окутуу ишке ашырылып келет.

Билим сапатына көңүл буруудан сырткары маданий-тарбиялык иштерге да өзгөчө маани берилген. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жыл бою иштөөчү бассейн бар. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти О. Жигулеванын жетекчилиги менен окуучулардын мектеп театры республикалык кароо-сынактарда дайыма байгелүү орун алышат. Мындан тышкары “Ак кайың” бий ансамбли, комузчулар ансамбли иш алып барат. Күрөш, самбо, гимнастика, шахмат боюнча көптөгөн окуучулар республикалык, Эл аралык мелдештерде жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда. Окуучулардын сапаттуу билим алуусуна көмөкчү болгон эң сонун окуу залы менен китепкана жана даамдуу тамак жасаган ашкана иштейт.

Мектепти аяктаган көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз өлкөнүн, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда бардык тармактарда эмгектенип жатышат. КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Б.А.Марипов, КР Тышкы иштер министринин орун басары Т.Эркинов ж.б. ондогон бүтүрүүчүлөр мектептин сыймыгы.

Келечекке болгон ишеним

Бүгүнкү күн – өткөн тарыхты эскерип, келечекке болгон үмүт менен карай турган күн. Бириккен мектептин бүгүнкү мугалимдер курамы күчтүү, келечекке багытталган билим берүү платформасын түптөп жатат. Бул мектептен дагы далай акылман, мекенчил, билимдүү, жүрөгү таза жаштар тарбияланып чыгарынан шек жок.

Тамыры терең, багыты түз, келечеги жарык билим уясы болсун!

Мектебиң–сыймыгың, мугалимиң – даңкың!

Чолпон Джунушева, Бишкектеги №70 ортомектептин директору