“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуунун 2 туру аяктады. Ал эми 3-туру 1-майдан баштап өткөрүлөт. Аталган лицейге окуучулар 3 шарттын негизинде кабыл алынат. “Лицейге кабыл алууну жыл сайын 3 этаптан турган сынактын негизинде жүргүзөбүз. Быйыл да 1-апрель күнү баштаганбыз. Эч кандай квота бөлүнгөн эмес. Социалдык жана үй-бүлөлүк абалына да каралбайт. Болгону талап боюнча окуучу КРнын жараны болууга тийиш. Ошондой эле, “эң жакшы” деген бааларга окушу керек жана ал 6-класстын окуучусу болуусу шарт. Учурда 18 миң окуучу катталган. Ошолордун ичинен 72 окуучуну жаңы окуу жылына тандап алабыз” – дейт “Акылман” президенттик лицейинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азиреткул Асанов.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылы ачылган лицейде учурда 195 окуучу билим алууда. Алгач 72 гана окуучуну кабыл алган билим уясына окууну каалагандар жыл сайын арбып барат. Себеби, мында окууга түзүлгөн шарт эң жогорку деңгээлде. Жалпы 48 мугалим, 10 тарбиячы балдардын билим-тарбия алуусуна тыным албай кызмат кылышууда. Ар бир класска экиден класс жетекчи, бирден тарбиячы бөлүнгөн. Андан сырткары жатак мектеп болгондуктан, бул жакта 24 саат бою дарыгер, мед айым, психологдор иш алып барат. Балдар 3 маал ысык, 2 маал жеңил тамактанып, ийримдердин 18 түрүнө катыша алышат. Эртең менен жана кечинде 20 мүнөттөн китеп окушуп, көл жээгинде дене көнүгүүлөрүн жасашат. Балдар телефонду ишемби, жекшемби күндөрү гана эки сааттан колдоно алышат. Калган убактыларын, дитин балдар кружокторго, өнөр үйрөнүп, билим алууга жумшашат. Өлкөнүн булуң-бурчтарынан келгендиктен, окуучулар каникул сайын сөзсүз түрдө үйлөрүнө, ата-энелерине жиберилет. Себеби, бала ата-эненин да мээримин алуусу шарт. Негизинен ишемби, жекшемби күндөрү алып кетишсе болот, бирок жолдун алыстыгынан улам бардыгы бул жакта эле болушат.
“Жылдан-жылга өнүгүп-өсүп жакшы ийгиликтерге жетишүүдөбүз. Балдарыбыз кадимкидей калыпка түшүп, англисче эркин сүйлөп, бир гана билим алууда эмес, коомдук, социалдык долбоордук иштерде мыкты жетишкендиктерди көрсөтө башташты. Республикалык олимпиадага катышкан, орун алган андан сырткары дүйнөлүк олимпиадаларга жолдомо алган окуучуларыбыз болду. Ошондой эле, алыскы жана жакынкы чет өлкөдөгү мектеп окуучулары менен да байланыш түзүп, алака жүргүзгөн учурлар бар. Быйыл дүйнөлүк олимпидага барабыз деп камданып турган чагыбыз. Пекин шаарында боло турган бул иш-чарага бир окуучубуз жасалма интеллект боюнча жолдомо утуп алды. Ал эми Сингапурда кибер коопсуздук боюнча өтө турган олимпиадага Кыргызстандан 5 окуучу бара турган болсо, анын бирөө биздин окуучубуз. Европада математикадан өтө турган олимпиадага бир окуучубуз катышып жүрөт. Биология сабагынан Индонезияда өтө турган олимпиадага эки окуучубуз жолдомо алышты” – дейт лицейдин директору Эмил Рыскулов.
“Акылман” президенттик лицейинин алдында кийинки жылда профилдерге бөлүү, 12 жылдыкка өтүү сыяктуу чоң пландар бар. Ошондой эле, өзүбүздүн улуттук нарк-насилди, каада-салт, үрп-адаттарды дүйнөдөгү билим берүү системаларынын жакшы жактары менен интеграциялап, лицейдин билим берүү программасын түзүп чыгып, башка мамлекеттик мектептерге колдонуп көрүүнү сунуштай турган пландар бар. Ал үчүн эксперттик топтор иштеп жатышканын билдиришти. Кандай болгон күндө да лицейди аяктаган билимдүү окуучуларыбыз, чет жактан билимдерин жогорулатып, акыл чөйчөктөрүн толтуруп, дүйнө таанымдарын кеңейтип келип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген тилектебиз.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА