Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү жана миллиардер Билл Гейтс Кытайдын термоядролук синтез тармагындагы жетишкендиктерин жогору баалады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады.
Билл Гейтстин айтымында, Кытай бул багытта дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн бардыгына салыштырмалуу эки эсе көп инвестиция жумшап жатат.
«Алардын термоядролук синтез жана ядролук бөлүнүү боюнча иштери абдан таасирдүү. Өлкө термоядролук синтезге дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн баарынан эки эсе көп инвестиция салып жатат», — деп Гейтстин сөзүн келтирет Bloomberg.
Бизнесмен белгилегендей, Кытай маалымат борборлоруна болгон өсүп жаткан суроо-талапты камсыздоо үчүн жаңы энергия булактарын издөөгө өзгөчө көңүл бурууда. Анын пикиринде, бул өлкө кийинки муундагы ядролук реакторлорду иштеп чыгуу жаатында АКШ жана башка мамлекеттер үчүн олуттуу атаандаш болуп баратат.
 
		 
		 
		


