"Эркин-Тоо"

Бильярд боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бүгүн, 12-февралда бильярд боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 108 спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов жана бильярд федерациясынын вице-президенти Каныбек Сагынбаев катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр 21-26-февраль күндөрү «Газпром балдарга ден-соолукту чыңдоо борборунда» өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!