"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бир айда 86 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 8-июлунан 3-августуна чейин өткөн рейддин жүрүшүндө жалпысынан 86 миң 264 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Рейд учурунда:

  • Мас абалында унаа айдаган 1185 айдоочу;

  •  283 авто бейбаштык фактылары;

  • Каршы тилкеге чыккан 1753 учур;

  • Керектүү документтери жок унаа айдаган 326 жаран;

  • Унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 533 жаран аныкталды.

Андан тышкары, эрежени одоно бузгандыгы үчүн 6 555 автоунаа айып короого токтотулду.