Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов бүгүн, 14-январда Таш-Көмүрдө изделип жаткан жарандын апасы жана бир туугандары менен жолукту.
Ведомсводон маалымдашкандай, министрдин орун басары жолугушууда ӨКМдин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте атайы техникалардын жардамында издеп жатышканын жана мындан ары дагы болгон мүмкүнчүлүккө жараша издеп-куткаруу аракеттери уланарын билдирип, жакындарын сабырдуулукка үндөдү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Учурда министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен издөө иштери улантылууда.