"Эркин-Тоо"

Бир айдын ичинде ӨКМ Ысык-Көлдүн астынан 4.4 тонна синтетикалык таштандыны чыгарган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы бир айда Ысык-Көл акваториясынан 4.4 тонна синтетикалык таштандыны чыгарган. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, Түп районунун Өрүктү айылынан тартып Жети-Өгүз районунун Кызыл-Туу айылына чейин мыйзамсыз 48 500 чарчы узундуктагы балык уулоочу тор, 4 425 кг синтетикалык таштандыны көлдүн астынан чыгарган.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусундагы бардык эс алуу жайларында,  соода түйүндөрүндө желимден жасалган буюмдардын ордуна экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарын сатуу жана колдонуу сунуштады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!