Бишкек шаарынын мэриясы чакан транспорт каражаттарын эксплуатациялоого байланыштуу ишин жөнгө салуу тартибин иштеп чыкты. Токтом долбоору коомдук талкууга жарыяланды.
Ага ылайык, скутерлерди ижарага алуу бизнесинин ээлери тормоздорду, дөңгөлөктөрдү, аккумуляторлорду жана башка маанилүү тетиктерди текшерүүнү камтыган үзгүлтүксүз текшерүү, техникалык тейлөөнү жүргүзүшү керек, ижарачыларга аны кантип коопсуз колдонуу керектиги боюнча нускамаларды бериши керек.
Самокат жана скутерлерди ижарага алган адамдарды аны пайдалануу учурунда жаракат алса, зыяндын ордун толтурууну камсыздоо үчүн камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө милдеттендирүү сунушталат.
Электр чыгырыктары каттоо номери, фонарик, арткы жарыктары, алдыңкы рефлектор, каптал чагылдыргычтар менен жабдылышы керек.
Шаарда самокат жана скутерлер үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдык саатына 25 чакырымды, турак жайлар жайгашкан аймакта саатына 20 чакырым, эл көп топтолгон аймактарда 5-10 км/саат болушу керек.
Самокатты же скутерди веложолдо гана айдоо керек, тротуар менен жүрүүгө веложол жок болгон учурда гана жол берилет.
Самокат же скутер тээп бараткан адам жолду кесип өтүүдө жөө өтмөктүн алдына токтоп, скутерден түшүп, жөө өтүшү керек.
Бир электросамокат же скутерге бир гана адам отурушу керек. Мас болуп айдаганга болбойт.
Коргоочу шлемди жана тизе жабдыктарын кийүү бардык колдонуучулар үчүн милдеттүү.
Скутер же ушул сыяктуу техниканы атайын жайларга гана коюу керек.