Бир сутка ичинде өлкө аймагында 29 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 33 өрт өчүрүүчү топ тартылды.
Тилсиз жоонун аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:
-
Бишкек шаарында – 6 жолу,
-
Ош облусунда – 7 жолу,
-
Жалал-Абад облусунда – 9 жолу,
-
Баткен облусунда – 2 жолу,
-
Ысык-Көл облусунда – 3 жолу,
-
Талас облусунда – 1 жолу,
-
Нарын облусунда – 1 жолу.
Куткаруучулар тарабынан 4 жолу чыгуу болду.