Бишкекте бир катар айып пулдар көтөрүү боюнча мыйзам долбоор даярдап к коомдук талкууга коюлду. Демилгеленген мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй нормалар көрсөтүлгөн:
▪️айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (мурда 3 миң/13 миң болчу)
▪️белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарга — 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом (5,5 миң/ 17 миң)
▪️өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштагандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (7,5 миң/23 миң)
▪️таштанды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)
▪️жолду, темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)
▪️жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)
▪️жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом (12,5 миң/35 миң)
▪️жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)
▪️жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)
▪️белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)