"Эркин-Тоо"

Бир катар министрлер тартиптик жаза алды

Кыргызстандын Президентинин администрациясынын коллегиясында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери тартиптик жаза алды.

Эскертүү алгандар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев;

Сөгүш алгандар:

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
— транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев;
— саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова;
— Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев.

Мындан тышкары, Президентке бир катар район башчыларын ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилери айтылды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!