Бир мандаттуу эки округда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Кеп Кара-Суу жана Баткен округдары тууралуу болуп жатат. Парламентке бул райондордон келген Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев өткөн аптада мандаттарын тапшырган.
Жогорку Кеңешке партиянын тизмеси менен депутат болгондор мандатын тапшырса, тизмедеги кийинки адам анын ордун ээлейт, ал эми бир мандаттуу округдан келсе, кайра шайлоо дайындалат. Добуш берүү күнү азырынча белгилене элек.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимов менен байланышы бар депутаттар мандатынан ажыратылууда.