"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

Бир мандаттуу округдарда 5%дан ашык добуш алган талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бир мандаттуу округдарда 5%дан ашык добуш алган 166 талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу БШК билдирди. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5%дан кем эмес добуш алган талапкерлердин саны 155ти түздү. Алардын ар бирине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.