"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бир жарым миллион эсептегичти башкарууга жөндөмдүү борбор курулду

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Автоматташтырылган эсепке алуу жана көзөмөлдөө системасы (АЭАКС) улуттук борборлоштурулган системасын башкаруучу операциялык борбордун курулушу аяктаганын маалымдады.

2023-жылы башталган долбоор KOICA тарабынан колдоого алынып, 10,5 млн долларлык грант жана 10 779 акылдуу эсептегич гранттык негизде берилди. Борбор энергетика тармагын санариптештирип, натыйжалуулукту жогорулатуу максатында курулду.

Борбор 1,5 миллион эсептегичти башкарууга жөндөмдүү. Долбоор “Кыргызстан улуттук электр тармактары”, KEEI (Кореянын энергетикалык экономика институту) жана KT (Кореянын телекоммуникациялык корпорациясы) корпорациясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Борбордун расмий ачылышы ушул жылдын август айына пландалууда.