Кыргызстанда акыркы жумада 18 миң 627 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 229;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 161;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 36;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 423;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-5288;
— авто ээнбаштык — 11;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2940;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9539;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.