"Эркин-Тоо"

Бир жумада 18,4 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында  4-10-декабрга чейинки аралыкта 18 миң 434 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде мас абалында унаа башкаруу боюнча 334 факты катталган.

Андан тышкары:

  • тийиштүү документтери жок уна башкаруу — 298;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 50;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 145;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 677;
  • автоээнбаштык — 4;
  • ылдамдыкты ашырып айдоо — 3 468;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 506;

Ал эми 1 миң 847 автоунаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып короосуна киргизилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!