"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бир жумада жол эрежесин бузгандар 25 миңден ашты

23–29-июнь күндөрү Кыргызстанда 25 374 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 2 696 унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Анын ичинен эң көп кездешкен учурлар:

  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 749;
  • ылдамдыкты ашыруу – 4 495;
  • тиешелүү документсиз унаа айдоо – 779;
  • мас абалында унаа башкаруу – 331;
  • жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон бузуулар – 672;
  • унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 157;
  • жалган номур менен унаа айдоо – 9;
  • башка эрежелерди бузуу – 11 468 учур.