23–29-июнь күндөрү Кыргызстанда 25 374 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 2 696 унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Анын ичинен эң көп кездешкен учурлар:
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 749;
- ылдамдыкты ашыруу – 4 495;
- тиешелүү документсиз унаа айдоо – 779;
- мас абалында унаа башкаруу – 331;
- жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон бузуулар – 672;
- унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 157;
- жалган номур менен унаа айдоо – 9;
- башка эрежелерди бузуу – 11 468 учур.

