Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну баштады.
МСКнын маалыматына ылайык, 1-апрелге чейин ата мекендик уюмдар, Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп иштеген чет өлкөлүк компаниялар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация берүүгө милдеттүү.
Ал эми 1-майга чейин жеке ишкерлер, эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык мекемелеринде иштеген кыргызстандыктар, ошондой эле киреше салыгы кармалбаган киреше алган жарандар декларация тапшырат.
Салык декларациясы электрондук форматта Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу берилет. Анда кирешелер жана чыгашалар, мүлк, жер тилкелери жана төлөнгөн салыктар боюнча маалымат көрсөтүлүшү керек.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

