"Эркин-Тоо"

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-майга чейин өткөн жылдын кирешеси боюнча отчетту физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.

Декларацияда кирешеден тышкары чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк, жер тилкелери жана төлөнгөн салык милдеттенмелери жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек.