Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 73 жашында каза болду. Бул тууралуу эмираттардын WAM маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматта, Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, мекемелерде жана жеке секторлордо 13-майдан тартып үч күнгө иш токтотулду, — деп айтылат.
Белгилей кетсек, Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекеттин башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян башкарган. 1971-жылдан 2004-жылга чейин лидерлик кызматты ээлеген Заид Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!