Президенттин жубайы Айгүл Жапарова ишембиликке чыкты. Ал начар уккан жана укпай калган балдардын мектеп-интернатына барды.
Интернаттын тарбиялануучулары иш-чаранын конокторуна концерттик программа тартуулады. Көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгы үчүн биринчи айымга ыраазычылык билдиришти.
«Биздин мекемеде 300дөн ашуун бала бар. Бүгүн алар биринчи айым менен таанышып, ишембиликке чыгышты. Айгүл Жапарова бизге азык-түлүк жана балатынын көчөттөрүн алып келди», — деди интернаттын директору Эркингүл Сатывалдиева.
Ишембиликте интернаттын аймагына 150 түп көчөт отургузуу пландалды.