Борбор калаанын Биринчи Май районундагы №61 мектепте кыргыз поэзиясынын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Мезгил жана Алыкул” аттуу поэзия кечеси өттү. Иш-чарага Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Алыкул Осмоновдун үй-музейинин жетекчиси Замир Асаналиев, №61 мектептин эмгек жамааты жана окуучулары катышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары кеченин негизги максаты жаш муундарды Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы, поэзиясы менен тааныштыруу экендигин айтышты. Ошону менен бирге жаш муун акындын ырларын көркөм окуу аркылуу анын чыгармачылык дүйнөсүнө сүңгүп кирип, поэзияга дагы бир кадам жакындагандыгын белгилешти.