"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкек: 2026-жылдагы ШКУ саммити менен Көчмөндөр оюндарына даярдык талкууланды

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү.

2026-жылы Бишкекте өтө турган бул иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн Президент Садыр Жапаров жалпы жетекчиликти Каныбек Туманбаевге жүктөдү.

Жыйында уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, аларга иш-чаралардын планын түзүү милдети тапшырылды. Ошондой эле министрликтерге жана тиешелүү мекемелерге коопсуздукту камсыз кылуу, зарыл болгон инфраструктураны өз убагында бүткөрүү иштери милдеттендирилди.