Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү.
2026-жылы Бишкекте өтө турган бул иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн Президент Садыр Жапаров жалпы жетекчиликти Каныбек Туманбаевге жүктөдү.
Жыйында уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, аларга иш-чаралардын планын түзүү милдети тапшырылды. Ошондой эле министрликтерге жана тиешелүү мекемелерге коопсуздукту камсыз кылуу, зарыл болгон инфраструктураны өз убагында бүткөрүү иштери милдеттендирилди.