"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкек: 25-декабрда айрым аймактарда таза суу өчөт

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, калаанын түндүк бөлүгүндө 25-декабрь күнү саат 10:00 – 18:00 аралыгында суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлгөнүнө байланыштуу суу берилбейт.

Тагыраагы, Турусбеков көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки аймакта жана Жибек Жолу проспектиси Держинский көчөсү, Баялинов көчөсүнөн Ала-Арча дарыясына чейинки жерде жана Жибек Жолу проспектисинде турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине таза суу берилбейт.